Ак үйдүн дарбазасын сүзүүгө аракет кылган Даниел Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева айыпка жыгылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Ленин РИИБиден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал коомдук жайда майда бейбаштык жана уят сөздөрдү айтканы үчүн айыпталып, 5500 сом айып пул төлөмөй болду.
Белгилей кетсек, буга чейин соттолгон Даниел Ажиевдин апасы Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкектеги жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүзгөндүгү маалым болгон.
Эске салсак, Даниел Ажиев былтыр 5-июнда көп сандагы вебкам-студияларды уюштурган деген негизде кармалган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Ажиев быйыл 31-июлда күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылганын Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирген. Ошондой эле ал 2 жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турганы айтылган.