Москва районунда түндө терминалдан акча уурдап жатканы видеого түшүп калган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-октябрда милицияга 36 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал болжол менен түнкү саат 02:50 чамасында белгисиз жаран акча чогултула турган аппаратынан акча уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинини 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 22 жаштагы жаран кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүнүн кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет.