Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн ,18-октябрга караган түнү саат 02:50 чамасында шаарды кесип өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 76-800-чакырымында болгон.
Анда Ноокат районунун 29 жаштагы тургуну Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда жол кырсыгынын жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери уланууда.