
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкандардын 88и компьютердик тестирлөөдө белгиленген 60 пайыз босогодон өтүштү. Бул туурасында бүгүн, 18-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, катышуучулар Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча бош орундарга өз талапкерлигин көрсөтүшкөн.
"Сынакка катышуу үчүн 326 кишинин документтери катталган. Документтердин экспертизасынын жыйынтыгы боюнча 207 киши тестирлөөгө катышууга уруксат алды. Тестирлөөгө 198 талапкер катышкан", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлик өлкө боюнча жалпы 762 бош орун бар экендигин
айткан.