Эртең, 19-октябрда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Таласта түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,
Баткен жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13.
Бишкек шаарында түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус болот.