Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, турак жай 2027-жылдын 3-кварталында пайдаланууга берилет.
"Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак үй 278 батирге ылайыкташкан. Үйдүн жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Ал эми короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Турак жай курулуп бүткөрүлүп, колдонууга берилгенден кийин 45 батир прокуратура кызматкерлерине кызматтык турак жай катары өткөрүлүп берилип, калган батирлер Ош шаарынын мэриясынын үлүштүк курулуш программасынын алкагында жарандарга тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.
Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Башкы прокурордун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.