Тажикстанда "Рубеж-2024" машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Харбмайдон" полигонундагы машыгууда кыргыз аскерлери чеберчилигин көрсөтүшүүдө.
"Машыгуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу кошуундарды жок кылуу боюнча согуштук аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип жатат.
Ошондой эле Борбор Азия регионунун тез жайылтуунун Жамааттык күчтөрүн тоолуу, чөлдүү аймактарда согуштук аракеттерди уюштуруу, аларды окуу-күжүрмөн милдеттерди аткарууга даярдоо маселелери дагы каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Харбмайдон полигонундагы "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусуна Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын аскердик контингенттери, Бириккен штабдын жана ЖККУ Катчылыгынын оперативдик топтору, жалпылап айтканда 1500гө жакын аскер кызматчылары катышууда. Алар машыгууда 250дөн ашык аскердик жана атайын техникаларды, анын ичинде учак, тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууда.