Кызыл-Кыядагы 4 адамдын өлүмү: Милиция Мерседестин айдоочусун кармады

Кызыл-Кыяда болгон жол кырсыгына байланыштуу Mersedez-Benz унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Кечээ, 18-октябрь күнү түнкү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда Mersedez-Benz унаасы менен Honda Stepwgn унаасы кагышып, 4 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Mersedez-Benz унаасынын айдоочусу Ноокат районунун тургуну, 29 жаштагы Ж.Н. кармалган.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан