Биз социалдык тармакта

ӨКМдин тик учагы таң атпай кайра Чаткалга учуп кетти

Чаткал районунда дайынсыз болгон жарандарды издөөгө биринчи топ жөнөп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Чаткал районунун Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкү алдында калган жарандарды издөө иштерин улантуу үчүн 5 куткаруучу анын ичинде 2 кар көчкү боюнча адистен турган биринчи топ издөө аймагына бүгүн, 19-октябрь саат 07:30да жөнөп кеткен.

"08:02де тик учак Кумбел тилкесине ийгиликтүү конду. Кошумча маалыматтар келип түшкөн сайын жаңыртылып турат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Эскерте кетсек, ӨКМ Чаткалдагы Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкүнүн астында калган жарандарды издөө иштерин жүргүзүп жатат.
Аба ырайынын шарттарына байланыштуу кечээ издөө иштери убактылуу токтотулган. Дайынсыз болгон 6 жарандан үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Калган 3 жаранды издөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан