Ноокен районунда ЖКККБнын кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Кечээ, 18-октябрь МАИ кызматкери Т.К. милицияга арыз менен кайрылган. Ал Ноокен районунун аймагында Бишкек-Ош авто жолунда кызмат өтөп жаткан учурунда, жолду бөлүп турган эки узун сызыкты кесип өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын токтотуп, айдоочуга жол эрежесин бузгандыгын айтып документтерин сураган учурда, айдоочу документтерин берүүдөн баш тартып, ызы-чуу салып, кызматтык кийимине асылып, чиндерин жулуп, жакалап нары-бери сүйрөп, колуна миздүү темир алып "сайыпсалам" деп зомбулук көрсөткөндүгүн билдирип, жогорудагы айдоочуга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, МАИ кызматкерин жакалаган Оштун Ноокат айыл аймагынын 2001-жылы туулган А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген.
Жогорудагы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.