Бишкекте жашыруун кумаркана табылды (фото)

Бишкекте жашыруун кумаркана табылып, аны уюштуруучулар кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги маалымдады.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча маалымат алынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдардын кумар оюндарын уюштурууга катыштыгы болушу мүмкүндүгү жөнүндө дагы маалыматтар болгон.
Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси ("кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Узак мөөнөттүү ыкчам иштери жүргүзүү менен керектүү маалыматтарды топтоп, ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси өткөрүлдү.
Андан аркы иштердин жүрүшүндө жашыруун кумар оюндарын (покер) өткөрүү орду аныкталды. 18-октябрда Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан конок үйүндө ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда кумар оюндарын ойноочу жайдын уюштуруучусу жана иштеп жаткан кызматкерлери кармалды", - деп билдиришти ИИМден.
Ошентип, уюштуруучу 1994 –жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран, ошондой эле дилердин милдетин аткарган 1987-жылы туулган К.Ч. жана 1987-жылы туулган С.Г. аттуу эки адам жана кумар оюндарына катышкан адамдар милицияга жеткирилген.
"Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелип, уюштуруучулар 1994-жылы туулган Ш.Р. жана 1993-жылы туулган К.С. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат", - деп кошумчалашты ИИМден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан