"Кыргыз темир жолунун" 242 миллион сомдук жери мамлекетке алынды

“Кыргыз темир жолунун” түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 миң 443,5 м2 түзгөн жер мамлекетке каттого алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Текшерүүдө жер тилкелерине бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу жана укук тастыктоочу документтери жок, мамлекеттик менчикке алынбай келгендиги аныкталган.
"Аталган мыйзам бузуучулуктарга карата “Кыргыз темир жолунун” түштүк бөлүмүнүн башчысынын наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгында 242 миллион 50 миң сомго бааланган жер тилке мамлекеттин менчигине каттоого алынды", - деп билдиришти прокуратурадан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан