Ош облусунун Алай районунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү кечээ, 20-октябрь күнү саат 23:44тө болуп, Нура айылында 3,5 баллга, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта катталган.
ӨКМ кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун кошумчалады.