Таласта жеке менчикке өтүп кеткен автобекеттин жери кайтарылды

Талас облусунда мурда жеке менчикке өтүп кеткен "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын 0,28 гектар жери кайра кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратурасы "Кыргыз автобекетинин" Талас филиалына тиешелүү болгон аталаган жер тилке Покровка айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендигин аныктаган.

Мындан улам прокурордук акт келтирилип, анын жыйынтыгы менен жер тилке толугу менен мамлекеттик ишкананын балансына кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан