Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 30 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-октябрь күнү болжол менен саат 19:26 чамасында милицияга Павлов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде белгисиз 2 адам мушташа кетишип, биринчиси экинчисин бычак менен моюнга сайып жибергени тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37,122-беренесине (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.