Айсулуу Тыныбекова күрөш федерациясында кызматка дайындалды

Бүгүн, 21-октябрда Кыргызстандын күрөш федерациясында кезексиз шайлоо болуп, анда белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова күрөш федерациясынын айымдар арасындагы вице-президенти кызматына шайланды.


Күрөш федерациясынан билдиришкендей, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу жана калыстар тобу катышкан.

Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү пландап жатканын белгилеп, ошол эле учурда келечекте спорттук карьерасын улантуу ниети бар экенин баса белгилеген.

Бул кызматта 2014-жылдан бери Динара Исаева иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан