Бишкек мэриясы "Орто-Сай" базарынын түштүк тарабындагы уруксатсыз соода түйүнүнө каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин соодагерлерге белгисиз жерде сооданы токтотуу зарылчылыгы тууралуу расмий түрдө эскертүү берилген.
Бул фактылар боюнча укуктук 7 протокол түзүлүп, жалпы 41 миң сомдон ашык айып пул салынды.
Башаламан сооданын бошотулган аймактарында тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Тазаланган жерге тосмо отургузулат. Бул аймакты жашылдандыруу иштерин “Бишкекжашылчарба” ишканасы жүргүзөт.