Өлкөдө быйыл мектеп окуучуларынын тамактануусуна 1,5 миллиардга жакын каражат бөлүнгөн

Өлкөдө мектеп окуучуларынын тамактануусуна республикалык бюджеттен 2024-жылга 1 миллиард 495 миллион 900 миң сом каралган. Бул туурасында кечээ, 22-октябрда Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова “Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу” аттуу семинарда билдирди.

Анын айтымында, 2022-2023-окуу жылында окуучулардын тамактануусуна 652 миллион 12 миң 900 сом бөлүнгөн.

“2023-2024-окуу жылынын аягында 2140 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте башталгыч класстардын 600 миңге жакын окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 920 мектепке, ал эми Мерсико 900 мектепке колдоо көрсөтүп келет”, - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, семинар 23-октябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен уюштурулат. Семинар SABER көрсөткүчтөрүнүн жана параметрлеринин негизинде мектептеги тамактануу программасын баалоого, кызыкдар тараптарды бириктирүүгө жана иш-аракеттердин багытын аныктоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан