14-декабрда Бишкек мэринин катышуусунда "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык балатынын ачылышы болот
14-декабрда саат 19:00дө Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык балатынын ачылыш аземи болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова маалымдады. Бул иш-чарага Бишкек мэри Иса Өмүркулов катышат. Белгилүү болгондой, быйыл борбор шаарда Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө 4 миллион сом жумшалат.