Бишкек шаарында эл ташыган 1376 автобус бар, аларды каттамда 2700 айдоочу айдайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жергиликтүү уктуруулардын бирине маек берип жатып билдирди.
Ал калаа бийлиги жол киреден түшкөн акча каражаттары тууралуу күндө отчёт алып турарын белгиледи.
"Мисалы, кечээ, бир күндө 5 миллион 268 миң 718 сом түштү. Андан сырткары, накталай эмес, карта менен төлөгөндөрдүкү өзүнчө эсептелет", - деди Ырсалиев.