Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кирени накталай төлөм менен жүргүзгөндө акча каражаты мэрияга толук түшпөй калып жатканын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда жергиликтүү уктуруулардын бирине маек куруп жатып билдирди.
Ырсалиев калаа бийлигинин жол киренин накталай төлөгөндөр үчүн сумманы көтөрүү демилгесин коомчулукка туура эмес багытта жеткирип жаткандар болуп жатканын дагы белгиледи.
"Биринчиден, жол кирени накталай төлөм менен төлөгөндө айдоочуну алаксытып жатат. Экинчиден, түшүп жаткан акчанын кандайдыр бир бөлүгү айдоочулардын "сол чөнтөгүнө" кетип жатат. Эми алардын баарын күнөөлөгөндөн алысмын. Бирок 2700 айдоочунун ичинде ар кандай адамдар болот экен, 3 миңден 5 миң сомго чейин чыгарып кетип жаткандар болуп жатат. Өздөрү мактанып айтып жүргөндөрү бар. Биз андай фактыларды көрүп, кармап, видеого тартып дагы жатабыз. Бизде так маалымат болгон үчүн коомчулукка накталай төлөмдү көтөрүү сунушун алып чыгуудабыз", - деди вице-мэр.