Бүгүн, 22-октябрда вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радиого" маек берип жатып, "Тулпар картасы чиновниктердики экен" деген кептер жалган экенин айтты.
Ал жол кире үчүн төлөм жүргүзө турган карта Бишкек шаарынын мэриясы менен чет өлкөлүк компанияга тиешелүү экенин билдирди.
"Тулпар картасы жогорку бийликтегилердики экен" деп жатышат. Бул боюнча атайын иликтөө дагы жасап ийишти. Чынында, так маалымат берилиши керек деп эсептейм. Жогорку бийликте отургандардын буга эч кандай тиешеси жок. Үй-бүлөсүнүн дагы тиешеси жок. Бизде мамлекеттик жана жеке менчиктик өнөктөштүк деген бар. 50 пайызы мэрияныкы, ал эми 50 пайызы швейцариялык компанияныкы. Бул 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан компания", - деди Ырсалиев.
Буга чейин Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов "Темиров Live" каналына Тулпар картасы боюнча чыккан иликтөөгө комментарий берген болчу. Анда долбоор чет өлкөлүк компанияга тийиштүү экендиги айтылган.