Бишкекте Жайыл баатыр көчөсү жарыктандырылды

Бишкекте көп жылдар бою жарыктандырылбаган Жайыл баатыр көчөсүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жарык орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, буга чейин бул көчөдө, өзгөчө түнкүсүн, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүп, жарыктын жоктугунан жол кырсыктары көп катталган.

"Жол негизделгенден бери биринчи жолу бул жерде 77 темир мамы орнотулуп, кубаттуулугу 200 ватт болгон 154 даана чырак күйгүзүлдү. Ошондой эле 4000 метрден ашык электр зымдары тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жайыл баатыр жолунун узундугу Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин 2,8 чакырымды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан