Сокулук районундагы жол кырсыгы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-октябрда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Ала-Арча" ресторанынын жанында жол кырсыгы болду деген маалымат келип түшкөн. Аталган факт катталып, тергөө иштери башталган.
Ал эми мушташка шектүүлөр 1996-жылы туулган Б.К. жана 1999-жылы туулган И.Б. аттуу жарандар алган жаракатынан улам Сокулук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле жогорудагы мушташ боюнча 1996-жылы туулган Ч.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1999-жылы туулган И.Б. ооруканада кайтарууга алынды.
Бул ишке шектүү делген үчүнчү жаранга издөө салынып, азыркы учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.