Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев калаа мэриясынын кызматкерлери шейшемби, бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү милдети аткарылып жатканын айтты. Ал бул тууралуу жергиликтүү уктуруулардын бирине берген маегинде билдирип, коомчулукта мэриянын бул демилгесин "обу жоктук" катары кабылдагандар бар экенин белгиледи.
"Чынында, биз коомдук транспортко түшкөндө автобустун абалы, айдоочулардын жүргүнчүлөргө жасап жаткан мамилеси, элдин бизге деген көз карашы менен таанышып, жеринен күбө болуп жатабыз. Тагыраагы, коомдун биздин иштерге берген баасын угуп, кетирип жаткан кемчиликтерибизди оңдоо максатыбыз. Автобуста келе жатып, жеке эле коомдук транспорттогу маселелерди карабастан, жолдун четиндеги куураган бак болобу, талкаланып жаткан нерселер болобу, шаардын кайсы жеринде кандай кемчиликтер бар экенин көрүү", - деди Ырсалиев.
Ошондой эле ал коомдук транспортто жүргөндө айрым жарандар шаардагы маселелерди ага түз айткан учурлар болорун кошумчалады.