Ошто 46 миллион сомду түзгөн жаштар борбору курулууда

Ош шаарында Жаштардын муниципалдык борбору курулууда. Курулуштун жүрүшүнөн калаа башчысы Бакытбек Жетигенов кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 3 кабаттан турган борбордо жаштардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, IT-Хаб, акысыз чет тил курстары, китепкана, коворкинг, компьютердик бөлмөлөр болот.

Ага ылайык, борбордо жаштар окуп, жаңы долбоорлорду, идеяларды талкуулашып, чыгармачыл жана инновациялык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору өлкөдөгү биринчи борбор болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 46 миллион сомду түзөт. 100 миң доллар ПРООНдун Жаштарды колдоо долбоорунан бөлүнөт.

Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жаштардын саны 150 миңден ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан