Жүргүнчүлөр коомдук транспорттогу жол кирени накталай эмес төлөөгө эртерээк өтпөсө, анда накталай төлөмдүн суммасын көтөрүүгө мажбур болобуз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жергиликтүү уктуруулардын бирине маек куруп жатып айтты.
Ал учурда коомчулукта мэриянын бул демилгесин туура түшүнүп, картага өтүп жаткандар көп экенин белгиледи.
"Тулпар картасынын жетекчилиги менен жыйындарды өткөрдүк. Аларга "мектептерге барып, картаны таратып" бергиле деп жатабыз. Накталай төлөмдү жойбосок, анда бул иште жүрүп жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү дагы жоё албайбыз. Бул демилгени толук ишке ашырышыбыз керек", - деди Ырсалиев.