Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жогорку соттон билдиришти.

Маалым болгондой, Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Сатыев 50 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2020-жылдын октябрь айында Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Кийинчерээк Сот департаментинин директору, ал эми ушул жылдын январынан тарта Жогорку соттун судьясы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан