Ардак кароолдо жоокерлердин ордуна аялдар... Борбордук аянттагы окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү (видео)

Бишкектин борбордук аянтында жайгашкан ардак кароолдо жоокерлердин ордуна аялдар туруп алган. Бул тууралуу видео социалдык баракчаларга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Тасмада эки аял желекти кайтарып турган жоокерлердин ордуна туруп алганын байкоого болот. Социалдык баракчалардын айрым колдонуучулары бул көрүнүштү патриоттук кадам катары сыпатташса, кээ бири ээнбаштык экендигин айтышууда.

Азырынча алардын эмне максатта турганы, жоокерлер кайда кеткени боюнча маалымат бериле элек.

22.10.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан