Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол жээгиндеги жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратып, башаламан соода-сатык жүрүзгөн жарандарга карата рейддик иш-чарасын жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 14-октябрдан тартып, 18-октябрга чейин уланып, мөмө жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды унаа жүрүүчү жолдун жээгине чейин мыйзамсыз сатып жаткан учурлары аныкталды.
"Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 209 тийиштүү протоколдор түзүлүп, жалпы 627 миң сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.