Жергиликтүү кеңешти шайлоо: Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректери 

Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректерин жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды каттап жатат.

"Алар - туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду", - деп жазылат маалыматта.

1-ноябрь саат 18:00гө чейин аралыктан добуш берүүнү каалагандар:

  • каалаган аймактык же участкалык шайлоо комиссиясына (же убактылуу жүргѳн жериңиз боюнча же туруктуу жашаган жериңиз боюнча) кайрылуу керек;
  • добуш берүүгө ниеттенген аралыктагы участкалык комиссияга кайрылуу керек;
  • «Tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот.

Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректери:

Бишкек:

  • Ленин району - Кыргыз улуттук университетинин имаратынын башкы корпусу ( Фрунзе кѳч., 547);
  • Октябрь району - Октябрь райондук администрациясынын имараты, (Байтик баатыр көчөсү, 17, балдардын “Таберик” музыкалык театрынын залы);
  • Биринчи май району - К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын имараты (Огонбаев көчөсү №242);
  • Свердлов району - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты (Ю.Абдрахманов көчөсү №167);

Ош: А.Навои атындагы орто мектебинде (Масалиева көч., 37);

Баткен: Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде (Ж.Момунов көч., 16);

Жалал-Абад: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин имаратында (Т.Байзаков көч., 25;

Каракол: К. Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин имаратында (Тыныстанов көч., 126);

Нарын: Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында (Ленин көч., 76);

Талас: А.Токтогулов атындагы облустук китепканада (Ч.Айтматов көч. 353).

Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан