Эртең, 24-октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, суу «ХБО» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Эртең саат 9:00дөн 17:00гө төмөнкү даректерде суу берилбейт:
Анкара - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.