Ошто мал уурулукка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда мал уурдоого шектелген жаран изи сууй электе кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 20-октябрда аталган райондун милиция бөлүмүнө Мады айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү короосунда байланып турган 1 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган К.уулу К. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан