
Кыргызстанда 21-октябрдан 4-ноябрга чейин кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү өтөт. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, вакцинаны биринчи кезекте 9 айдан 7 жашка чыга элек эмделбеген балдар алат. Вакцина кызамыктын белгилери бар адамдар менен байланышта болгондорго да сайылат.
"Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балага 12 айында жана 2 жашка чыкканда жасалат. Ошондой эле эмдөөнүн тазалоочу дозасы 9 айдан 7 жашка чыга элек балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда же ФАПта акысыз сайылат", - дешти министрликтен.