Бүгүн, 23-октябрда эртең менен Талас шаарындагы 4-мектептин жанында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.
Видеодо болжол менен 4 унаа кагылышканын көрүүгө болот. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор бар.
Милиция бул окуя тууралуу маалымат бере элек.