Франциялык белгилүү футболчу Килиан Мбаппенин бөлмөсүн милиция тинтүүгө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, футболчунун зордуктоо иши боюнча мейманкана кызматкерлери суракка алынып, оюнчунун бөлмөсү тинтүүгө алынган. Мындан сырткары ошол күндөгү мейманкананын видео байкоосундагы материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин белгилүү футболчуга Стокгольмдун борборундагы мейманканада бир кызды зордуктады деген айып тагылган. Анда кыз ооруканага кайрылып, Килиан Мбаппе тарабынан зордукталганын айткан.
Полиция зордуктоо фактысы боюнча арыз түшкөнүн, бирок тергөө учурунда маалымат ачыкталбай жатканын билдирген.
Ал эми Мбаппе өзүнүн социалдык түйүндөрүндө бул маалыматты четке кагып, маалымат фейк экенин жазган.