Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборунун иши менен таанышты

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жапаров калаа мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге ЖЭБдин бир катар объектилерин текшерди.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек ЖЭБи өлкөнүн маанилүү энергетикалык объектилеринин бири экенин, борбор калаанын олуттуу бөлүгүн электр жана жылуулук менен камсыздап жатканын белгилеп, ЖЭБдин объекттеринин иштешин, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушууда башка актуалдуу маселелер, турак жайларды, социалдык жана башка объектилерди жылуулук тармактарына кошуунун жүрүшү талкууланганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан