Тамада Аман Ибраев Ош-Бишкек аба каттамдарына билет табуу көйгөй экендигин айтып, өз социалдык баракчасына видео менен бөлүштү.
Тасмада учактын жарымынан көбү бош экендигин байкоого болот. Анда Ибраев себеби кимде экендигин издеп, суроо салган.
“Ош-Бишкек каттамына авиабилет табуу өтө чоң көйгөй? Эмне себептен? Же авиакассалар билетти сатып алышып, акыркы мөөнөттөргө чейин күтүшөбү? Мына силерге факт менен көрсөтөм. Учак 56 бош орун менен учуп бара жатат. Себеби эмнеде? Ким билет? Же бир монополист барбы бул авиа тармагында? Эгер ошондой болгон болсо, бийлик тез арада чара көрүш керек”, - деп калтырган билдирүүсүндө.
Ал эми социалдык баракчалардын колдонуучулары билет баасы Ош-Бишкек каттамында 6 миңден болуп жаткандыгын да айтышкан.