Бүгүн, 23-октябрда "Тулпар" системасын кеңири модернизациялоого даярдоо алкагында операциялык системаны оптималдаштыруу боюнча пландалган техникалык иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Тулпар" компаниясынан билдиришти.
Алардын айтымында, иш убактысында системанын үзгүлтүккө учурашын болтурбоо максатында, иштер түнкү саат 00:00дөн 03:00кө чейин аткарылган. Бирок иштердин аякташы пландалган убакыттан узакка созулуп, таң эрте айдоочулар валидаторлордо сменаларды ачууда убактылуу көйгөйлөргө туш болушту.
"Саат 09:30га карата көйгөй тез арада жоюлуп, "Тулпар" төлөм системасы толук калыбына келтирилди. Бул үзгүлтүккө байланыштуу Бишкек шаардык транспорту муниципалдык ишканасынын каржылык чыгымдары ОсОО "БПЦ КГ" тарабынан толук кайтарылып берилет.
“Тулпар” системасы жалпы иштебей калган учурда, эгерде жарандын башка жол менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жүргүнчү жол акысын төлөбөй коюуга укуктуу", - деп айтылат маалыматта.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Буга чейин шаар тургундары Бишкекте автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүлбөй жатканын билдиришкен болчу.