Бишкек жана төрт облустагы бала бакча жетекчилеринин бош орундары толукталды

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош орундарына конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди. Бул туурасында бүгүн, 23-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, 22-октябрда министрлик “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош орундарына конкурстун жыйынтыктары жөнүндө” буйругун чыгарган.
Ага ылайык, Бишкек шаарынан – 30, Нарын облусунан – 6, Талас облусунан – 8, Чүй облусунан – 26, Ысык-Көл облусунан 5 талапкер тизмеге кирди.
Белгилей кетсек, буга чейин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкандардын 88и компьютердик тестирлөөдө белгиленген 60 пайыздык босогодон өтүшкөндүгү айтылган. Ал эми министрлик өлкө боюнча жалпы 762 бош орун бар экендигин билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан