Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун бириндеги тамактануучу жайда коомдук тартипти одоно бузууга шектелген төрт жаран 20-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда кабарлады.
Соттон билдиргендей, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы кечээ, 22-октябрда Свердлов райондук сотунда каралган.
Белгилей кетсек, 20-октябрда Бишкек ШИИББи калаада коомдук тартипти одоно бузууга шектүү төрт жаран кармалганын маалымдаган.