Тышкы иштер министрлиги Анкарадагы теракт боюнча билдирүү жасады

Түркиянын борбору Анкара шаарында катталган теракттан жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Түркиянын Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышууга байланыштуу министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп билдиришти министрликтен.

Бүгүн, 23-октябрда Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Tusaş заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишкен. Бир жанкечти заводдун кире беришинде өзүн жардырып, андан эки күзөтчү каза болгон. Учурда террорчулар 10 чакты адамды барымтада кармап турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан