
Бишкекте 31-октябрда финансылык жарманке өтөт. Бул туурасында Улуттук банктын финансылык сабаттуулук бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада финансылык продуктулардын көргөзмөсү жана консультациялар өтүп, спикерлер сөз сүйлөйт.
"Финансылык жарманкеде акча каражаттарын туура пайдалануу, бюджетти пландаштыруу, банктык, финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат берилет", - деп жазылат анда.
Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтөт.