Бишкек шаарынын Манас проспектисиндеги көпүрөдөн 30 жаштар чамасындагы жаран секирип кетти. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук милициясынан тастыкташты.
Ага ылайык, милицияга бүгүн, 24-октябрда саат 8:50дө Лев Толстой жана Манас проспектисинин кесилишиндеги көпүрөдөн жаран секирип, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда жеринде ыкчам тергөө тобу иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.