Бишкекте жаңы 13 автобус каттамга чыкты

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында жаңы №13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Автобус "Бишкек автобекет" муниципалдык ишканасынан Алмата, 1/1 дареги боюнча Батыш автобекетине чейин каттайт. Накталай эмес төлөмдө жол кире 17 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-октябрда Батыш автобекети, анын ичинде "Ак- Жол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, көчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми буга чейин Батыш автобекети жана "Ак-Жол" кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар Бишкек автобекетинин жаңы автобекетинен каттай баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан