Эртең, 25-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +14 ... +19,
Талас облусунда түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +12 ... +17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +21 ... +23,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +13 ... +15,
Нарында түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +10 ... +12,
Бишкек шаарында түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +16 ... +18 градус болот.