Казанда өтүп жаткан БРИКС саммитинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эмоционалдуу сүйлөшүү өткөрүштү. Алардын сүйлөшүүсү түз эфирдеги кадрларга түшүп калган.
Кадрларга караганда, эки өлкөнүн жетекчилери БРИКС саммитинде катарлаш отургузулган. Анда Мавританиянын президенти сүйлөп жаткан маалда Алиев менен Пашинян эмоцианалдуу сүйлөшүшкөн.
Эки өлкөнүн жетекчилери эмне тууралуу сүйлөшүшкөнү белгисиз.