Быйыл чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын 91и мекенине которулду

Быйылкы жылы чет мамлекеттерде соттолгон Кыргызстандын 91 жараны өлкөгө которулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында жазылат.

Алардын ичинен 81и Орусиядан, 9у Казакстандан, бирөө Тажикстандан которулган. Мындан тышкары Кыргызстандын дагы 54 жараны которуу стадиясында турат.

"Ушул жылдын 9 айында чет мамлекеттердин 65 түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар жүргүзүлдү. Анда Кыргызстандын соттолгон 410 жараны менен жеке жолугушуулар өткөрүлдү. Соттолгондорго барганда консулдук кызматкерлер жазасын андан ары өтөө үчүн аларды мекенине которуунун тартибин жана шарттарын түшүндүрүштү", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөлөрдөгү мекемелерине соттолгондордун жазасын өз мекенинде өтөө боюнча келип түшкөн бардык арыздар Башкы прокуратурага андан ары кароо үчүн жөнөтүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан