
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда 15 саатка таза суу берилбейт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Төмөнкү райондордо өчөт:
• Алыкулов, Кустанай, Рыскулов, Интергельпо көчөлөрү, Чоң Чүй каналы, Ала-Арча суусу, Темир жол тилкеси жайгашкан аймактар;
•Прогородный айыл аймагындагы Юбилейный, Горький, Садовый көчөлөрү;
•Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер" 110 квартал конушу, Достук кичи району.
"Батыш" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Абоненттерди ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.