Улуттук банк "Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алынганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, башкы банк документти накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 23-октябрь күнү кабыл алынган.
Эми өлкөдөгү коммерциялык банктар менен төлөм уюмдарына мобилдик колдонмо же интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар үчүн комиссиялык акы алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин тыюу салынат. Токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк тармагына санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.